Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

Орусиядагы акцияларда ондогон адамдар кармалды


Саясий туткундарды коргоо акциясы. 28-октябрь, 2018-жыл.
Саясий туткундарды коргоо акциясы. 28-октябрь, 2018-жыл.

28-октябрда Москвада жана Санкт-Петербургда өткөн саясий туткун катары бааланган адамдамрды бошотууну талап кылган акцияларда 68 адам кармалды. Алардын айрымдары бүгүн таң аткыча камакта болсо, башкалары протокол толтурулгандан кийин эле бошотулган.

Жекшембидеги акция “Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн” деген ураан менен өттү. Аны “Новое величие” жана “Сети” иштери боюнча кармалган жаштардын ата-энелери уюштурду. "ОВД-Инфо" укук коргоо сайтынын маалыматы боюнча, Москвадагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын алдына 500дөй адам чогулган. Москвада бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Ушуга байланыштуу уюштуруучу топ Лубянск аянтында плакатсыз чыгууга үндөгөн. Москвадагы акция учурунда 18 адам кармалды.

Санкт-Петербургда да бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. "Азаттыктын" орус кызматынын кабарына караганда, бул шаарда полиция 40тай адамды кармап кеткен.

“Новое величие” жана “Сети” иштери боюнча кармалган он адамды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы экстремизм боюнча айыптап жатат. Алардын туугандары муну бийликтин чагымы катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG