Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Бишкекте жаңы салынган көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Бишкектин Көк-Жар конушундагы жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн бири өрттөнүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоо Куйручук көчөсүндөгү №3 үйдөн чыккан. Өрт өчүрүүчүлөргө маалымат бүгүн, 29-октябрда саат 16:30дар чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылды.

Күбөлөр Интернетке жарыялаган видео менен сүрөттөрдө тогуз кабаттуу турак жайдын бир тарабы баштан ылдый күйүп жатканын көрүүгө болот.

​
XS
SM
MD
LG