Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Меркел 2021-жылы мөөнөтү аяктагандан кийин канцлердик кызматтан биротоло кетет


Ангела Меркел 29-октябрда Берлиндеги басма сөз жыйынында.
Ангела Меркел 29-октябрда Берлиндеги басма сөз жыйынында.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин 29-октябрда Берлиндеги басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, ал 2021-жылы мөөнөтү аяктагандан кийин канцлердик кызматтан биротоло кетет жана депутат катары да кайра шайлануу ниети жок. Меркелдин бул билдирүүсүнө чейин Берлинде ал жетектеген Христиан-демократиялык партиянын жабык жыйыны өткөн. Ал жыйында Меркел партиянын башчылыгынан да кете турганын жарыялаган.

Саясатчы Христиан-демократиялык бирикмесин 2000-жылдан, ал эми Германиянын өкмөтүн 2005-жылдан бери башкарып келе жатат. "Welt" телеканалынын маалыматы боюнча, буга ХДБнын аймактык шайлоодо ийгиликке жетпей калганы себеп болгон.

Жекшембидеги Гессен аймагындагы шайлоодо Христиан-демократиялык бирикме 27 пайыз добуш алып, мурдагы шайлоодон 11 пайыз аз добуш топтогон.

Эки жума мурда Бавария аймагындагы шайлоодо ХДБнын өнөктөшү Христиан-социалдык бирикме (ХСБ) да болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө учурап, парламенттеги 50 жылдан берки ээлик кылып келе жаткан көпчүлүк макамын жоготкон.

ХДБнын жаңы жетекчилигин шайлоо декабрда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG