Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

Стамбулда жаңы эл аралык аэропорт ачылды


Стамбулдагы жаңы аэропорт.
Стамбулдагы жаңы аэропорт.

29-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында үчүнчү аэропорттун биринчи этабынын ачылыш аземи өттү. Ага түркиялык кызматташы Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун курулушунун бардык этаптары аяктагандан кийин дүйнөдөгү ири аэропортторунун катарына кирет. Анын жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метрди түзүп, 26,14 миллиардга бааланган курулуш уланып жатат. Аэропортун башка этаптары 2023-жылга чейин ишке киргизилип, жыл сайын 200 миллион жүргүнчүнү тейлөөсү пландаштырылган.

Түркиянын Стамбул шаарында учурда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорттору бар. (ElB)

XS
SM
MD
LG