Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Өзбекстан: премьердин орун басары алты адамды “жазалаган” чырдан кийин кызматтан алынды


Зойир Мирзаев
Зойир Мирзаев

Өзбекстандын премьер-министринин айыл жана суу чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орун басары Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ал кызматтан эгин талаасына суу келбей калганы үчүн Ташкент облусунун Аккурган районунда алты адамды арыкка тургузуп, "жазалаган" окуядан кийин бошотулду.

Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, "жазалаган" окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады. 29-октябрда жарыяланган билдирүүдө бул ишке аралашкан аткаминерлер жоопко тартылаары айтылган.

Интернетте тараган сүрөт өзбек бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги тууралуу талкууларга жем таштады. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкерлери, бирөө – маале аксакалы, экөө – жергиликтүү фермер. Бул сүрөт 25-октябрда аймакка Өзбекстан вице-пермьер-министри Зоир Мирзаев келген күнү тартылган.

Интернетке тараган сүрөт.
Интернетке тараган сүрөт.


Маалыматка караганда, алты киши буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн мындай жазага кириптер болгон. Аларды вице-премьер-министрдин жана облус менен район башчыларынын көзүнчө жазалашкан. Күбөлөрдүн айтымында, алты кишини арыктагы муздак сууга 40-45 мүнөт тургузушуп, андан соң суу кийимдери менен көчөдө чуркатышкан. Аккурган районун акиминин орун басары алар өз ыктыяры менен бул кадамга барганын айтты.

XS
SM
MD
LG