Федералдык коопсуздук кызматынын 29-октябрда кабарлашынча, Саха-Якутия жумуриятында баасы жарым миллион доллар болгон 13 килограмм алтынды рюкзакка катып жүргөн адам кармалды. Алтын куймаларын алып жүргөн адам Чечен-Ингуш аймагынын тургуну болгон. 52 жаштагы жаранга "баалуу металлдарды мыйзамсыз сактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Москвадан 4900 чакырым ыраакта жайгашкан Якутияда Орусиядагы эң чоң алтын кендеринин бири жайгашкан.