Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Жогорку Кеңештин тармактык комитети ЖЭБде жыйын өткөрөт


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын курат.

Анда ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланат.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, башкы прокурор жана УКМКнын жетекчиси чакырылган.

Быйыл 26-январдагы кыш чилдеде андан алты ай мурда модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде авария болуп, баш калаага бир жума бою жылуулук берилген эмес.

Авариядан кийин анын чоо-жайын жана модернизацияга кеткен Кытай насыясын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун май айында парламент сессиясында жарыялап, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG