Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Бекназаров: УКМК мага козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырган жок


Азимбек Бекназаров жана камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев.
Азимбек Бекназаров жана камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев.

Мурдагы башкы прокурор жана убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровго "сотто жалган көрсөтмө берди" деген негизде кылмыш иши козголгонбу же жокпу, белгисиз. Саясатчы өзүнө каршы кылмыш иши козголсо, атайын кызмат суракка чакырмак деп эсептейт.

Бекназаров 29-октябрда «Азаттыктын» «Эки бир» телеберүүсүндө өзүнө козголгону айтылган кылмыш ишинен кабары жоктугун жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылбаганын билдирди. Саясатчы мурдагы бийликтин тушунда да УКМКга бир нече жолу кайрылганын, бирок кылмыш иши тууралуу жооп ала албай койгонун айтты:

- Мен өзүм УКМКга эки жолу чыктым, "чакырбайсыңарбы" деп. Андан кийин тажадым. Сегизбаевге чейин чалдым. Чакырган да жок. Эгер кылмыш иши козголсо чакырмак да. "Же жаап койгула" дедим. Азыр силер аркылуу да айтам, "ай, УКМК мени чакырып камап же актабайсыңарбы?"

УКМК Бекназаровдун айткандары тууралуу комментарий бере элек. 2017-жылдын сентябрында аталган орган Азимбек Бекназаровго "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда "жалган көрсөтмө берген" деген айып менен кылмыш иш козголгонун расмий кабарлаган.

Ага чейин Интернетте тараган аудио жана видео бул кылмыш иштин козголушуна себеп болгону айтылган. Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергенин четке кагып, аудио-видеону "монтаж" деп атап келген. Атайын кызмат андан кийин Бекназаровдун кылмыш иши тууралуу маалымат берген эмес. (NT)

Бекназаров: Атамбаев менен Жээнбековду элдештиребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:13 0:00

XS
SM
MD
LG