Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстанда 39 компания алтын кенин иштетип жатат


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилген.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүшү керек. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрүп жатат.

Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн.

2018-жылы 21 тонна 730 килограмм алтын өндүрүү пландалууда. Ал эми Жер казынасынын кору боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кен бар экени аныкталган.

Аларда жалпысынан 666 тоннадай алтын бар деп эсептелген.(BkA)

XS
SM
MD
LG