Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Ошто менчик үйлөр борбордук жылуулук системасынан ажыратылат


Ош шаары.
Ош шаары.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 30-октябрда шаардык кеңештин сессиясында билдирди.

Анын айтымында, кышында көп кабаттуу үйлөргө үзгүлтүксүз жылуулук берүүнү камсыз кылыш үчүн жеке менчик үйлөр борбордук жылуулук системасынан ажыратылат.

Мэр кышында үйлөр жеткиликтүү деңгээлде жылыбай турган болсо, жылуулук ишканаларынын жетекчилерине чара көрүлөрүн эскертти.

Жыйын жүрүшүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө автономдуу жылуулук системаларын түзүү зарыл экендиги айтылды. (MdN)

XS
SM
MD
LG