Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Жээнбеков түрк президенти Эрдоган менен жолукту


Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган.
Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча жыйынын жыйынтыгын талкуулады. Ошондой эле алар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркияга бул өлкөнүн курулганынын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн кеткен. Мындан тышкары, ал Стамбулдагы жаңы аэропорттун ачылышына да катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG