Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Чаткал: Найза кени боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө иш козголгон жок


Беш-Арал коругу.
Беш-Арал коругу.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Чаткалдагы Беш-Арал коругунда жайгашкан Найза алтын кенин көздөй жол салууга уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” прокуратурага арыз менен кайрылган жарандык активист Абдыжапар Нурдинов кабарлады. Анын айтымында, облустук прокуратура Найза алтын кенин көздөй жол салууга уруксат берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу дооматты негизсиз деп тапкан.

Былтыр Чаткалдагы Беш-Арал коругунда жайгашкан Найза алтын кенинин айланасында чыр чыккан. Анда райондук бийлик өкүлдөрү корукта жайгашкан кенди көздөй жол салууга “Мурас Синтез” аттуу компанияга уруксат берген.

Бирок жарандык активист Абдыжапар Нурдинов райондук бийликтин корукта жайгашкан кенди иштетүү үчүн уруксат берүүгө укугу жок экенин айтып, прокуратурага кайрылган. Текшерүүнүн алкагында жолду салуунунун жүрүшүндө жаратылышка зыян келтирилгени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Бирок кенди иштетүүгө уруксат берген Чаткал районунун акими менен Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын жоопкерчилиги каралбаганына жарандык активист нааразы болууда.

Ал эми райондук бийлик өкүлдөрү жол салууга уруксат берүү мыйзам чегинде болгонун айтып келатышат.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Найза алтын кенин иштетүүнү көздөгөн "Мурас Синтез" жоопкерчилиги чектелген коому былтыр ноябрь айында кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси Каримов Исламбек Исмаилович, ал эми негиздегендер Сактанов Султан Жээнбекович менен Адиева Айчүрөк Манасбековна экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Айчүрөк Адиева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин жубайы экендиги тууралуу маалымат айтылган. Алар өздөрү бул маалыматты ырасташкан да, төгүндөшкөн да эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG