Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Шойгу АКШнын ракеталык келишимден чыгышынын Европа үчүн кесепеттерин эскертти

Сергей Шойгу (солдо) жана Владимир Путин.
Сергей Шойгу (солдо) жана Владимир Путин.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Кошмо Штаттар Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыга турган болсо, бул Европа үчүн “олуттуу кесепеттерди” алып келерин эскертти.

Ал 29-октябрда Грециянын коргоо министри менен жолугушуу учурунда белгилегендей, АКШнын бул келишимден чыгышынын кесепеттерин ириде Евробиримдик менен НАТО ойлонушу керек.

Өткөн аптада президент Путин эгер АКШ келишимден чыкса, Орусия теңме-тең жооп чарага барарын айткан.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.

Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

АКШ президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга турганын 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын бузуп келгенин айткан. Кийин Трамп АКШ “кансыз согуш” доорундагы келишимге байланып турганда Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканын да жүйө келтирди.

Вашингтон келишимди бузганы үчүн Москваны 2014-жылдан бери ачык айыптап келген. Орусия болсо АКШнын дооматтарын четке кагып жүргөн.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кечээги сөздөрүнө караганда, Москва азыр Вашингтондун келишим боюнча суроолоруна жооп даярдап жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG