Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Эсеп палатасы: Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча текшерүү аяктай элек


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Кыргызстандын Эсеп палатасы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча аудитти бүткөрө элек. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Жогорку Кеңештеги көчмө жыйында билдирди. Анын айтымында, бул долбоор өтө көлөмдүү болгондуктан текшерүү узакка созулууда.

Марипов Жылуулук электр борбору боюнча аудит аяктаган соң парламентке маалымат берилерин кошумчалады.

Быйыл 26-январдагы кыш чилдеде андан алты ай мурда модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде авария болуп, баш калаага бир жума бою жылуулук берилген эмес.

Авариядан кийин анын чоо-жайын жана модернизацияга кеткен Кытай насыясын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун май айында парламент сессиясында жарыялап, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген.

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга жол берилгени боюнча төрт кылмыш иши козголуп, мурдагы премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тен ашык жетекчи камакка алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG