Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Икрамжан Илмиянов бир кишилик камерага которулду


Икрамжан Илмиянов.

Мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын Тергөө абагындагы бир кишилик камерага которулду. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Илмиянов бир кишилик камерага которуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Сулайманов мындай кадам Илмияновдун өмүрүнө коркунуч туулгандан эмес, стресстик абалдан улам болушу мүмкүн деген пикирин билдирди. Бул маалыматты УКМКнын өкүлдөрү да тастыкташты. Атайын кызматтан алынган маалыматка ылайык, Илмияновдун өмүрүнө коркунуч жок жана ал өз каалоосу менен которулган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Маалыматка ылайык, Илмиянов былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алды деп шек саналып жатат.

Буга чейин УКМК Илмияновдун тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын кабарлады. (BkA/YrU)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG