Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

31-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чукул билдирүү:

31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Аба ырайы:

Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 13...15 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG