Чүй районундагы мектептерде иштеген мугалимдер менен техникалык кызматкерлерден акча жыйноо фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Андан алынган маалыматка ылайык, быйыл Чүй облусундагы мугалимдер жана мектеп окуучулары Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча каражаттарын топтоп жатканы боюнча УКМКга кайрылышкан. Бул арыз текшерилип, натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик тескөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү", "Опузалап пара талап кылуу" беренелеринин негизинде иш козголду. Учурда УКМК тергөө амалдары жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.