Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Актөбөдө күйгөн автобустун айдоочулары абакка кесилиши мүмкүн


Актөбөдө өрттөнгөн автобус. 18-январь, 2018-жыл.
Актөбөдө өрттөнгөн автобус. 18-январь, 2018-жыл.

Январь айында 52 өзбекстандык мигранттын өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча Казакстандын Актөбө шаарында өтүп жаткан соттук териштирүүдө прокуратура беш айыпталуучуну абакка кесүүнү соттон өтүндү. 30-октябрдагы соттук отурумда прокурор Осман Орунбасарулы айыпталып жаткан казак жарандары жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө күнөөлүү экенин айтты. Ал күйүп кеткен автобуска ээлик кылган “Asia Transit Service” компаниясынын эки кызматкерин жети жылга, үч айдоочунун ар бир бирин беш жылга эркинен ажыратууну сурады.

Айдоочулар “өрт коопсуздугун сактабай адам өлүмүнө себепчи болгон”, ал эми компаниянын кызматкерлери “техникалык жактан жараксыз унааны коммерциялык каттамга чыгарган” деген негиз менен сот жообуна тартылууда. Беш айыпталуучу тең күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Быйыл 18-январда Казакстандын Чымкент калаасынан Орусиянын Самара шаарына бара жаткан автобус орто жолдо күйүп кетип, андагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү каза тапкан. Алардын дээрлик баардыгы Өзбекстандан Казакстан аркылуу Орусияга бараткан эмгек мигранттары болгон. Бул иш боюнча сот 3-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG