Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттин кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун өмүрүнө коркунуч жок экенин "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Илмиянов бир кишилик камерга өз каалоосу менен которулду.
Илмиянов өз өтүнүчүнүн негизинде УКМКнын Тергөө абагындагы бир кишилик камерага которулганын 30-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдаган. Бул кабардан кийин коомчулукта "абакта Илмияновдун өмүрүнө коркунуч барбы" деген суроо жаралган.
"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага карата Башкы прокуратура 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.
Илмиянов "былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган" деп шек саналып жатат.
УКМК 30-октябрда Илмияновдун тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жарыялаган. (NT)