Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Тажикстан: секелекти зордуктаган өспүрүмдөр жети жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Гиссар шаардык соту жети жаштагы секелекти зордуктоо үчүн айыпталган эки өспүрүмдүн ар бирин жети жылдан эркинен ажыратты.

"Азаттыктын" тажик кызматы соттун маалыматына таянуу менен билдиргендей, өкүм азырынча күчүнө кире элек жана айыпталуучу тарап жогорку инстанцияга даттанууга укуктуу. Өспүрүмдөрдүн биринин апасы соттун чечимине макул эмес экенин, ага каршы даттана турганын билдирди.

Жети жаштагы кыз быйыл июнда Гиссар районундагы Кончи айылында зордукталган. Кончи айылынын 14 жана 15 жаштагы тургундарына "Жашы жете электерге карата жыныстык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренеси менен айып тагылган.

Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тартып кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок киши өлтүрүү, зордуктоо же уурулук үчүн күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар да соттолот.

XS
SM
MD
LG