Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Депутат Акаев: Саламаттык сактоо министрлигине англис тилдүү кызматкерлер керек


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Саламаттык сактоо министрлиги Германиянын Өнүктүрүү банкы менен Бишкекте Төрөт борборун куруу тууралуу келишимдин аткарылышын кечеңдетип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди:

- Жаңы министр Космосбек Чолпонбаев аябай кечиктирип жатат. Ратификация жок. Немис банкы даяр акча бергени жатат, бирок биздин министрлик алардын катына жооп берип койбогону үчүн миллиондогон гранттардан кол жууганы турабыз. Бул сыяктуу менде бир нече документ бар. Министрге айтыш керек, англисче билген кызматкерлерди алып, ратификацияларды эртелетип, жок дегенде бекер акчаны убагында өздөштүрүш керек.

Бишкекте Төрөт борборун салуу жөнүндө келишимге Кыргызстан жана немис банкы 2017-жылдын июль айында кол коюшкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев депутаттын суроосуна байланыштуу маалымат берип жатып жаңы мекеме Эне-баланы коргоо борборунун аймагында курулуп жатканын, имарат салынып бүткөнүн, эми аны тиешелүү комиссия кабыл алгандан кийин жабдыктарга тендер жарыяланарын, талап ошондой экенин билдирди. Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 8 млн 490 миң евро. (RK)

XS
SM
MD
LG