Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Психикалык оорулууларга айдоочулук күбөлүк бергендердин иши тергелүүдө


Бишкек.
Бишкек.

Психикалык оорулуу адамдарга айдоочулук күбөлүк берилген учурлар көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Чыңгыз Айдаров билдирди.

Анын айтымында, машине айдоо укугунан сот аркылуу ажыратылган, психикасы жабыркаган адамдарга айдоочулук күбөлүк берүү фактыларына байланыштуу атайын текшерүүнүн натыйжасында 20 кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат.

Жол коопсуздугун камсыздоо органындагы мыйзам бузулган учурларга боюнча жыл башынан бери 108 кызматкер тартип жазасына тартылды. Жол кырсыктарына байланыштуу 229 иш сотто каралып, 35 адам эркинен ажыратылды. (KJ)

XS
SM
MD
LG