Кыргызстанда кызылчадан адам каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, октябрь айында Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасына алты айлык ымыркай кыз келип түшкөн. Ал реанимациядан өзүнө келе албай чарчап калды.
- Беш күндөн ашык үйдө кармап коюшуптур, - деди ал. - "Сасык тумоо" деп дарылай беришкен экен. Кызылчанын ушунусу жаман, ал өтүшүп, башка илдеттерди козгойт. Эки өпкөсү тең пневмония болуптур. Кызылча сасык тумоодой башталат - бала жөтөлөт, мурдунан суу куюлат, дене табы 39 градуска чейин ысыйт. Кызылча экени лабораториялык анализден кийин аныкталат.
Кызылча оорусу аба аркылуу тез арада жугат. 2016-жылы Кыргызстанда бир да учур катталган эмес. 2017-жылдын декабрында жети учур катталып, быйыл жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 500дөн ашты.
Кызылчага каршы эмдөө бала бирге жана алты жашка чыкканда эки жолу жүргүзүлөт. Бирок соңку жылдары эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү мындай чечимин диний көз карашы менен негиздешет. (RK)