Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Архангелскте ФСБ имаратынын жанында жардыруу болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Архангелск шаарында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын кире беришинде болгон жардыруу учурунда бир киши өлдү.

Улуттук антитеррордук комитеттин маалыматына караганда, жардыруучу затты алып кирип бараткан киши өзү мерт болду. Анын тек-жайы аныкталууда. ФСБнын үч кызматкери жараланганы кабарланды.

Көп өтпөй ТАСС чукул кырдаал кызматтарына таянып, каза тапкан киши "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери жардам берип жатканда үзүлгөнүн маалымдады. Маркум ФСБнин кызматкери эмес экени айтылды.

Облус губернатору Игорь Орлов бардык коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Жардыруудан кийин имараттагылар эвакуацияланган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG