Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Архангелсктеги жардыруудан кийин "Теракт" беренеси менен иш козголду


Архангелск, Орусия. 31-октябрь, 2018-жыл.
Архангелск, Орусия. 31-октябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети Архангелсктеги жардырууга байланыштуу “Теракт” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Баштапкы маалыматтарга караганда, жардыруудан 17 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду.

Ал жардыруучу затты Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратына алып кирүүгө аракеттенген. Анын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин сайтында айтылат.

Буга чейин Улуттук антитеррордук комитет ФСБнын имаратына кирген киши сумкасынан алып чыккан белгисиз жабдык жарылганда каза болгонун кабарлаган. ФСБнын 3 кызматкери жарадар болду.

Облус губернатору Игорь Орлов бардык коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Жардыруудан кийин имараттагылар эвакуацияланган.

XS
SM
MD
LG