Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Дин комиссиясы эрте никенин жана эмдөөдөн баш тартуунун кесепетин түшүндүрүүдө


Дин комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Ош облусунда.
Дин комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Ош облусунда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүп, эрте никенин жана эмдөөдөн баш тартуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошону менен катар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу, жарандык интеграция маселелери да көңүл борборунда турат.

Комиссиянын директору Зайырбек Эргешов 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорун кыдырууда.

Ушундай эле жолугушуулар буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жана Нарын шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында өткөн.

Кыргызстан - дин мамлекеттен ажыратылган өлкө.

Өспүрүм кыздарды ала качып, эрте никеге туруу мыйзамда кылмыш катары каралат. Нике күбөлүгү жоктордун никесин кыюуга молдолорго да тыюу салынган. Дин аалымдарынын түшүндүрмөсүнө караганда, кыздын макулдугу болмоюнча аны менен мажбурлап никеге турууга ислам да жол бербейт.

Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин көбү өз чечимин диний көз карашына байланыштырышат. Бирок кийинки убакта баласын эмдетпей койгон ата-энелер кайра өзүлөрү доктурларга келип, вакцина алууну сурана баштаганы белгилүү болууда. Бул үчүн медицина кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан Дин комиссиясына жана муфтиятка ыраазылык айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG