Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Жээнбеков: Санарипке өтүү кечеңдеп жатат


Президент Сооронбай Жээнбеков кеңешчиси Дастан Догоевди жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кабыл алды.

Санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлор кечеңдеп жатканы байкалат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кеңешчиси Дастан Догоевди жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кабыл алганда айтты.

«Бардык тоскоолдуктар жоюлушу керек. Санарипке өткөрүү биздин жарандарыбыздын жашоосун жеңилдетип, тастыктама берүүдөн баштап, мамлекеттик органдардын ортосундагы документ алмашуу процессине чейин жашоонун бардык тармактарын камтышы зарыл», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысына “Санариптик Кыргызстан» программасынын долбоору жөнүндө маалымат берилди.

Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын жетөө толугу менен турмушка ашырылды, 17 долбоор иштетилип жатат, калган тогузу боюнча каржылоо булактары изделип жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG