Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Австрия Миграция тууралуу глобалдык пактка кол коюудан баш тартты


Австрия менен Германиянын чек арасынан өтүп бараткан мигранттар. 27-октябрь, 2015-жыл.
Австрия менен Германиянын чек арасынан өтүп бараткан мигранттар. 27-октябрь, 2015-жыл.

Австрия БУУнун Миграция тууралуу глобалдык макулдашуусуна кол коюудан баш тартты. Документ декабрда Мароккодогу конференцияда кабыл алынмакчы. Вена бул пакт миграция кризисин чечүүгө жардам бербейт, ошол эле маалда Австриянын суверендүүлүгүнө коркунуч келтирет деп эсептейт. Буга чейин келишимге кошулуудан Венгрия жана АКШ баш тартышкан. Вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахенин айтымында, миграция адам укуктарына кирбейт, жаңы макулдашууда болсо мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграциянын ортосундагы ажырым так көрсөтүлгөн эмес.

Миграция жана качкындар боюнча дүйнөлүк пакт быйыл февралда макулдашылган. 2015-жылы Европа миграциялык ири кризиске туш болгон. Бир жарым миллиондой мигрант Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан континентке ооп келишкен. Айрым өлкөлөрдүн лидерлери террордук коркунуч күчөп жатканын айтып, качкындарды кабыл алуудан баш тартышкан. Европадагы көпчүлүк өлкөлөр квоталарга макул болушкан, бирок Венгрия, Чехия, Словакия, Польша жана Хорватия программага кошулбай коюшкан. Кийин Австрия да андан чыгаарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG