Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Социал-демократтар Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.

Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

Бүгүн, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Анда 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылган.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын төрагасынын орун басары болуп тандалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG