АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, бул акча Глобалдык өз ара аракеттенүү борборуна берилди.
Мекеме Орусия, Иран жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн маалыматтык таасиринен коргоо чараларын камсыздоого жооптуу.
Мамлекеттик департаменттин карамагындагы Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору Барак Обама президент болуп турганда түзүлгөн.
Башында борбор өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөшүү менен алектенген. 2017-жылдан тартып Орусия боюнча да иштей баштаган.
АКШда Орусиянын президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү иликтенүүдө. Москва өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет.