Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыз сотто каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин район аралык соту бүгүн, 1-ноябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арызды карай баштайт.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылган.

Комиссия буга чейин тендерде утуп алган орусиялык "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети ​аталган компания мыйзамдуу тандалган деп эсептейт.

Кыргыз өкмөтү жолдогу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүгө убада берип келатканына беш-алты жыл болуп калды.

Аны ишке ашыра турган инвесторду тандоо боюнча алты-жети жолу сынак өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учурады. ​

Быйыл 4-сентябрда өткөн бешинчи тендерде жеңген орусиялык “Вега” компаниясы долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон. Бирок сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган.

Териштирүүдөн соң бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, аны "негиздүү" деп тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG