Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-ноябрдагы сессиясында бала бакча жана мектеп, билим берүү мекемелерин куруу боюнча өкмөттүк саат болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маселени буга чейин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет талкуулаган.
Ал жыйында өкмөт өкүлдөрү быйыл октябрга чейин 35 мектептин, төрт бала бакчанын курулушу бүткөрүлгөнүн маалымдашкан.
Буга чейин Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Институт учурда Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда турганын, иш жүзүндө кооптуу мектеп имараттары кыйла көп экенин кабарлаган.
Кыргызстанда азыр 2262 мектеп бар. Расмий маалыматка караганда, өлкө 600дөй жаңы мектепке муктаж.