Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын долбоору кабыл алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков чет мамлекеттин элчилери, донорлор менен жолугушуусу. 1-ноябрь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков чет мамлекеттин элчилери, донорлор менен жолугушуусу. 1-ноябрь, 2018-жыл.

2018-2040-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка 31-октябрда кол койгонун президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги атайын жыйында айтты.

Жээнбеков аталган документ оңдоп-түзөөдөн өтүп, айрым кошумчалар киргизелгенден кийин гана кабыл алынганын кошумчалады.

"Эми узак мөөнөттүү жана кыска аралыкта өнүгүү жолун аныктаган расмий стратегиялык документ бар", - деди Жээнбеков.

Президент долбоорду иштеп чыгууда көмөк көрсөткөн донорлорго ыраазычылык билдирип, эми аны ишке ашырыш үчүн кадрдык, мыйзамдык жана финансылык маселелерди чечүү зарыл экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында эл аралык донорлор менен жолугушуп жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана 50дөн ашык чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG