Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевдин тарапкерлерине карата куугунтук уюштурулуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Карамушкина президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Атамбаевге каршы активисттер менен байланышта экенин билдирди.
Ошону менен катар депутат Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган жыйын легитимдүү болгонун, ага 10 адам өзү, тогуз адам ишеним кат менен катышканын маалымдады.
Карамушкина “биздин катардан чыгарылгандар кийинки шайлоого КСДП менен катышпайт" деп кошумчалады.
“Азаттык” “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов менен байланышканда ал Карамушкинанын билдирүүсүн четке кагып: “Курманбек Дыйканбаевди тааныбайт экенбиз. Ал ким?” деп жооп берди.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы 31-октябрда жарыялаган.
Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылган.
“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечимди мыйзамсыз деп баалады.
Ал эми Өмуркулов өзү “мени "чыккынчы" деп да айтып жатышат, чыккынчы деп мени партиядан чыгаруу үчүн добуш бергендерди эсептейм. Себеби булар партиянын жана 2010-жылы апрель окуясында курман болгондордун идеясын сатты” деп билдирди.
"Азаттык" Курманбек Дыйканбаевдин өзүнөн комментарий алууга аракет кылууда. (BkA)