Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Атамбаев журналисттер менен жолугат

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, басма сөз жыйынын уюштурат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Ал басма сөз жыйыны жакында өтөрү пландалып жатканын кошумчалады.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды.

Президенттиктен кеткенден кийин быйыл 31-мартта алгачкы басма сөз жыйынын өткөрүп жатып айткан сөздөрүнөн соң аны менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы ажырым ачыкка чыккан.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялады. Өмүркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп атап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG