Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жумабеков: Кыргызстанда элди ойлогон бийлик түптөлдү


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Кыргызстанда коррупция менен күрөш жакшы жүрүп жатат" деп баа берди.

Спикер кыргыз бийлигинин эл аралык донорлор менен жолугушуусунда сөз сүйлөп жатып парламент Кыргызстанга каржылык көмөк көрсөткөн уюмдар менен иштешүүгө ачык экенин билдирди:

- Кыргызстанга керектүү көптөгөн маанилүү сунуштар болду. Биз жакын арада мунун үстүнөн иштөөгө даярбыз. Сиздер буга чейин да инвестициялык, донордук жолдор менен мамлекетке салым кошуп келдиңиздер. Биз муну баалайбыз. Коррупция, жемкорлук менен күрөшүү болуп, элди ойлогон бийлик бутагы түптөлгөнүн сиздер да байкап, баа берип турсаңар керек, - деди ал.

Бүгүн, 1-ноябрда "Ала-Арча" резиденциясында президент баштаган бийлик өкүлдөрү донорлор менен жолукту. Анда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен иштешүүдөгү айрым маселелерди айтышты. Алар өлкөдө өкмөттүн тез-тез алмашышы, министрликтердин ишке кайдыгерлиги сындуу көйгөйлөр бар экенин билдиришти. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG