Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Таза суу долбоорун каржылоо боюнча бир айлык шарт коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду каржылоо токтотулушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна «Таза табигат» коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы АРИС аркылуу ишке ашуучу беш долбоорго каражат бөлүүнү токтотуп коюшу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев бул билдирүүгө байланыштуу комментарий берип жатып «АРИСте иштегендер менен жаңы жетекчинин ортосунда түшүнбөстүктөр болуп жатат. Ал чечиле турган маселе» деп айтты:

- "Убактылуу токтотуп коебуз" деп жатышат. Бирок өкмөт маселени чечип жатат. Дүйнөлүк банктан жана Ислам өнүктүрүү банкынан жалпысынан 180,6 млн. доллар алуу тууралуу сөз жүрүп жатат. Талабы – кадр маселеси. Алар "талапка жооп бере турган кадр алгыла" деп 26-ноябрга чейин убакыт беришти. Андай кызматкерлерди тапса болот. Андан башка катуу талап жок.

Быйыл январь айынан тартып "Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырыла баштады. Аны Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылоодо. Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгачкы этабына 94 миллион доллар бөлүнгөн.

Расмий маалыматка караганда, ушу тапта өлкөдө 631 айыл таза сууга муктаж.

11-октябрда парламент жыйынында элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы" долбоору үзгүлтүккө учураганы калганы айтылган. Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин каржыланган 14 миллиард сомдук иш токтоп калганы жатканын, жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадр да иш таштоо алдында экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG