Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

КСДП: Атамбаев басма сөз жыйынын өткөрбөйт


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев жакын арада эч кандай басма сөз жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

“Атамбаев партиянын тегерегиндеги соңку маселелер боюнча комментарий береби?” деген суроого КСДПнын басма сөз өкүлү “жок” деп жооп берди.

1-ноябрда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналисттер менен жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, басма сөз жыйынын уюштураарын кабарлаган. Ал басма сөз жыйыны жакында өтөрү пландалып жатканын кошумчалаган.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды. Президенттиктен кеткенден кийин быйыл 31-мартта алгачкы басма сөз жыйынын өткөрүп жатып айткан сөздөрүнөн соң аны менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы ажырым ачыкка чыккан.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялады. Өмүркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп баалап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG