Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Пакистандын премьери митингчилерди "эл душманы" деп атады


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан христиан дининдеги аялга карата өкүм ишке ашырылышын талап кылып көчөгө чыккандарды колдобоого чакырды.

- Бүгүн мен өз элиме айткым келет: силерди козуткусу келген ал кишилерди укпагыла. Бул исламга кызмат кылуу эмес. Бул өлкөнү кыйратуу жана эл душмандарынын аракети. Алар адамдарды сотторду өлтүрүүгө, армияны өз жетекчисине каршы көтөрүлүүгө көкүтүп жатышат, – деди Хан шаршембинин кечинде.

Премьер митингчилерге “мамлекет менен тирешпегиле” деп эскертти.

Асия Биби аттуу аял "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген” деген негизде тогуз жыл мурда өлүм жазасына кесилген. 31-октябрда Пакистандын Жогорку соту христиан дининдеги ал аялды актаган. Буга ашынган динчилдердин “Техрик-е Лабаик” партиясынын тарапкерлери нааразылык билдирип, Карачи жана Лахор шаарларында көчөгө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG