Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

AP: Төрт жылда 57 миң мигрант өлдү же дайынсыз жоголду


Деңизден аман-эсен өтүп, Грекиянын жээгине жеткен киши кызы менен. 12-ноябрь, 2015-жыл.
Деңизден аман-эсен өтүп, Грекиянын жээгине жеткен киши кызы менен. 12-ноябрь, 2015-жыл.

Акыркы төрт жылда кеминде 56 800 мигрант өмүрүнөн айрылды же дайынсыз жоголду. Бул маалымат "Associated Press" агенттигинин кезектеги иликтөөсүндө камтылган.

Курмандыктардын көбү же 20 миңдейи Африка өлкөлөрү менен Жер Ортолук деңизиндеги миграциялык маршрутка туура келет. Бул жолдор аркылуу демейде мигранттар Европага агылышат.

Агенттик көп учурда, өзгөчө Европа аймагынан сырт жакта ажал тапкан бозгундар эсепке алынбагандыктан, бул сан мындан да көп болушу ыктымал деп болжолдойт.

Адамдар негизинен согуштан, ачкачылыктан жана жумушсуздуктан улам мекенин таштап, жолдогу азап-тозокко кайыл болушууда. "Associated Press" алар көбүнчө чөлдө ысык өтүп, сууга чөгүп өлүп же кулчулукка түшөрүн белгилейт.

Маселен, августтун аягында жүздөгөн африкалыктарды Италия кабыл албай, Испания батырган. Алар ливиялык адам аткезчилеринин колунда эки жыл кул болушканын айтып беришкен. Айрымдары зордукталганын европалык медиктер да ырасташты.

XS
SM
MD
LG