Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Бишкекте "Жаштар жумалыгы" өтөт


Иллюстрациялык сүрөт. Буга чейин, Ош шаарында өткөн "Жаштар жумалыгынан" тартылган сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт. Буга чейин, Ош шаарында өткөн "Жаштар жумалыгынан" тартылган сүрөт.

Бишкек шаарында 4-13-ноябрь күндөрү өлкөнүн жигердүү жаштарын бириктирип, алардын көйгөйлүү маселелерин көтөргөн "Жаштар жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлү Ажар Касмалиева кабарлады.

Жумалыктын алкагында күн сайын борбор калаанын ар кайсы жеринде жаштардын катышуусун шарттаган спорт, илим, билим берүү, экология, инновациялар, маданият жана искусствого арналган иш-чаралар уюштурулат. Жаштар үчүн мастер-класстар жана экскурсиялар уюштурулуп, көрүнүктүү инсандар өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Аймактык жаштар үчүн форум учурунда өз маселелерин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

12-13-ноябрда "Жаштар жумалыгы" өлкө жаштарын бириктирген Жаштар конгресси менен жыйынтыкталат. Ага президент Сооронбай Жээнбековдун келиши күтүлүүдө.

Жаштарды өнүктүрүү институту буга чейин төрт жолу "Jashtar Camp" форумун уюштурган. 10-ноябрь Эл аралык жаштар күнү катары майрамдалат. (KR\ErN)

XS
SM
MD
LG