Жалал-Абад шаарынын 60 жаштагы тургуну Савринса Калдыбаева Казакстанда соттолгон уулун Кыргызстанга экстрадициялоого жардам бергендиги үчүн президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди. Мындай пикирин ал 2-ноябрда Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында айтты.
Анын 39 жаштагы уулу Кайрат Пратов 2015-жылдын күз айларында башка бирөөнүн унаасын ишеним кат менен Бишкектен Москвага айдап бараткан жеринен Жамбыл облусунун аймагынан кармалган. Текшерүү учурунда “Хонда СРВ” унаасына жашырылган 16 килограммдан ашык баңгизат табылган. Казакстандын соту Пратовду 17 жылга эркинен ажыраткан.
- Уулумдун кылмыш иши атайылап уюштурулуп, күнөөсүз соттолгондугун билдирип, аны өз өлкөсүнө алып келүүнү өтүнүп ушул жылдын башында президентке кайрылгам. Башкы прокуратуранын текшерүү иштеринен кийин август айында уулум Кайрат Пратов Бишкекке экстрадицияланды. Учурда соттук кароо иштерин кайрадан карап чыгуу жөнүндө өтүнүч келтирип жатам, - деди Калдыбаева.
4 баланын атасы Кайрат Пратов бир топ жылдардан бери Орусияда мигрант катары эмгектенип жүргөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, 1800дөй кыргыз жараны чет мамлекеттерде абакта отурат. 1400гө жакын кыргызстандык Орусиянын, калгандары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана башка чет мамлекеттердин түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.
Чет жакта абакта отургандардын 35% баңгизат менен кармалган, 30% зордук-зомбулук үчүн соттолгон. (RsK\ErN)