Армениянын президенти парламентти таркатып, эрте шайлоо жарыялады. Анын алдында депутаттар, саясий макулдашууга ылайык, экинчи жолу премьер-министрди шайлай алышкан эмес. Президент Армен Саркисян 1-ноябрдын кечинде кол койгон жарлык боюнча парламенттик шайлоо 9-декабрга белгиленди.
Өткөн айда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Никол Пашинян парламентти тарткатып, эрте шайлоо өткөрүш үчүн премьерликтен кеткен. Ал кызматын жаңы парламент жана жаңы премьер шайланмайынча аткара бермекчи.
Пашинян анын партиясы баш калаа Еревандын мэрлигине ат салышууда жеңгенден бери кезексиз шайлоого аракет көрүүдө. Муну менен саясатчы парламентте көпчүлүктү түзгөн оппонеттерин сүрүп чыгарууну көздөп турат.
Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен жадыбалга ылайык, партиялар менен саясий альянстар 14-ноябрга чейин катталыш үчүн документтерин тапшырышы керек. Талапкерлердин тизмелерин тапшыруу 14-19-ноябрь күндөрү жүрмөкчү. Шайлоо өнөктүгү 26-ноябрда башталып, 7-декабрда аяктоого тийиш.