Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Аскарбек Шадиевдин соттук иши 5-ноябрда каралат


Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын өлкөдөн качып кеткен депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин кароо 5-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. Анын айтымында, отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп, саат 9:30да башталат.

Буга чейин Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өткөнүн Башкы прокуратура кабарлаган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG