Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

AIBAнын төрагалыгына казакстандык белгилүү боксчу ат салышат


Серик Конакбаев.
Серик Конакбаев.

2-3-ноябрда Москвадагы конференцияда Ышкыбоздук бокстун эл аралык ассоциациясынын (AIBA) төрагасы шайланмакчы. Талапкерлердин бири – советтик жана казакстандык белгилүү боксчу, Азиянын бокс конфедерациясынын жетекчиси Серик Конакбаев. Ал Борбор Азиянын дагы бир өкүлү, ассоциациянын вице-президенти, ушу тапта төраганын милдетин аткарып жаткан өзбекстандык Гафур Рахимов менен ат салышат.

Эл аралык Олимпиада комитети шайлоонун жыйынтыгы бокстун 2020-жылдагы оюндарга киргизилип-киргизилбешине таасир этерин эскерткен. Комитет “Ассоциациянын жана жалпы бокстун аброю” тынчсыздандырып жатканын, өзбестандык ишкер, 67 жаштагы Рахимов шайлоону жеңсе, ассоциацияны таануудан баш тартарын билдирген.

Рахимов АКШнын Финансы министрлигинин “кара тизмесине“ киргизилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтор жана эл аралык баңгизат аткезчилери менен байланышта турат деп шек саналууда. Ишкер бул дооматтарды четке каккан.

“Рахимов жеңсе, Эл аралык Олимпиада комитети биз үчүн жагымсыз, катаал чара көрүшү мүмкүн, биз оюндардан тышкары калышыбыз ыктымал”, - деди 1-ноябрда Конакбаев.

XS
SM
MD
LG