Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) өзүнүн парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү тууралуу саясий кеңештин чечимин фракциянын ар бир депутатына жөнөтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
“Партиянын саясий кеңеши саясий чечим кабыл алды. Иса Өмүркулов саясий жактан да, моралдык жактан да КСДП фракциясынын лидери болууга укугу жок. Ал эми КСДПнын тизмеси менен парламентке келген депутаттар кандай чечим кабыл алаарын алардын абийирине коебуз. Алар өзүнө: “Мен шайлоочулардын жана партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин көзүнө кантип карайм?” деген суроо бериши керек”, - деди Жолдубаева.
31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттары Иса Өмүркуловду кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Өмүркулов өзү бул чечимди легитимсиз деп баалап, аны мүчөлүктөн чыгарган адамдарды “чыккынчылар” деп атаган. (ErN)