Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Казакстандын бийлигинен Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелерин бошотууга жардам берүүнү суранышты. Жума күнү 50дөй өспүрүм Алматыда Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросуна чогулду. Басымдуу бөлүгү мектеп жашындагы бул балдар ата-энелери Шинжаңда негизсиз кармалып турганын айтып беришти. Өспүрүмдөрдүн көбү атасы же апасы менен Кытайдан Казакстанга көчүп келген.
Кайрылмандар менен иш алып барган “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун активисттери билдиргендей, азыр Казакстанда Кытайдан атасын же апасын күтүп жаткан 500гө жакын ушундай өспүрүм бар.
Шинжаңда уйгурлар менен кошо казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган. Астана Шинжаңдагы массалык камакка алууну ачык айыптоого батынбай турат.
Сентябрь айында “Human Rights Watch” укук коргоо уюму Шинжаңда кармалып жаткандардын арасында кыргыздар да бар экенин билдирген. Кытайдын бийлиги саясий лагерлерди жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор катары мүнөздөйт.