Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Президент Араванда цемент заводунун ачылышына катышты


Президент Сооронбай Жээнбеков заводдун макети менен таанышып жаткан учуру.
Президент Сооронбай Жээнбеков заводдун макети менен таанышып жаткан учуру.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван районундагы цемент заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу маалымат президенттик аппараттан алынды.

Мамлекет башчысы заводдун курулушу Аймактарды өнүктүрүү жылындагы эң маанилүү иш-чара экенин белгилеп, бирок жаңы ачылган ишканалар экологияга, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбеши керек экенин эскертти. Ал ошондой эле ишкерликти колдоо жана коргоо мындан ары да улана берерин белгиледи.

“Биздин максат – инвесторлорду жана менчикти соттук куугунтуктан коргоо. Жакында ишкерлерди коргош үчүн бизде бизнес-акыйкатчы иштей баштайт. Ири каржы институттарынын акча ресурстары аймактарды өнүктүрүүгө багытталат”, - деди Жээнбеков ишкананын ачылышында.

Президент белгилегендей, заводду курууга минден ашык жергиликтүү тургундар тартылган. Иштей баштагандан кийин завод 450 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Заводду курууга Кытай, Орусия, Түркия, Голландия жана Кыргызстан катышкан. Курулушка жалпысынан 86 миллион доллар жумшалган. Заводго “Араван цемент заводу” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат.

Завод жылына 1 млн. тонна цемент өндүрөт. Ишкана мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке 400 млн. сомдон ашуун каражат түшүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG