Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

ЖККУнун баш катчысы Юрий Хачатуров кызматынан бошотулду


Юрий Хачатуров.
Юрий Хачатуров.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Юрий Хачатуров өз мекенинде айып тагылгандан кийин кызматынан бошотулду. Арменияда ал коргоо министринин орун басары болуп турган кезде конституциялык түзүлүштү төңкөрүүгө аракеттенген деп күнөөлөнүп жатат. Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

2-ноябрда жарык көргөн билдирүүдө "армян жетекчилигинин өтүнүчү менен Хачатуров кызматынан мөөнөтүнөн эрте кетүүдө" деп айтылат. Андан мурунку күнү Армениянын президенти Армен Саркисян "Ереван аны чакыртышы мүмкүн" деп билдирген.

2008-жылдагы президенттик шайлоодон кийин чыккан митингчилерди күч менен басуу боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алкагында июлда Хачатуровго айып тагылган.

66 жаштагы генерал Грузияда төрөлгөн, 2008-2016-жылдары Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон.

XS
SM
MD
LG