Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы менчик имаратын мектепке берди


Камчыбек Жолдошбаев жана ал мамлекетке белек кылып жаткан имарат.
Камчыбек Жолдошбаев жана ал мамлекетке белек кылып жаткан имарат.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ак-Талаанын акими Нурбек Молдокадыров билдирди. Анын айтымында, бул имарат СССР убагында автобаза болуп турган. ​

- Советтер Союзунун убагында имарат административдик автобазага карап турган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин менчиктештирүү учурунда жеке менчикке берилген. Кийинчерээк Камчыбек Жолдошбаевге караштуу Ак боз ат” деген жоопкерчилиги чектелген коомдун балансына өткөн экен. Биз Баетов айыл аймагынын 90 жылдыгына карата ал кишиге кайрылып, "ушул имаратты мектеп үчүн бербейсизби" деп сурандык. Ал киши ойлонуп көрүп, бизге муниципалдык менчикке биротоло бергенге макул болду. Биз ал кишиге ыраазы болуп турабыз, - деди Молдокадыров.

Имарат мамлекетке расмий түрдө 6-ноябрь күнү өтөт. Аны тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун катышуусу күтүлүүдө. Ал эми мектеп өзү бир сыйра оңдолгон соң 2019-жылкы окуу жылында пайдаланууга берилет. Ал ишке кирсе кошумча бала бакча катары да кызмат кылат.

Белек катары берилчү имарат 3 кабаттуу, кошумча актылык жана спорттук залдарды курууга ыңгайлуу уланмалары да бар. Объект 1 гектарга жакын аянты менен мамлекетке кайтарымсыз негизде берилет.

Бул маалыматты депутат Камчыбек Жолдошбаев өзү да ырастап, кененирээк маалымат бергиси келген жок.

Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы азыркы мектепте 200дөй бала окуйт. Анын имараты эски болгондуктан жашоочулар жана жергиликтүү бийлик бир нече жылдан бери жаңы мектеп курууну борбордук бийликтен өтүнүп келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG